19:36
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Самаркандда чарчап калган наристенин ички органдарын кесип алышкан

Быйыл жайында Самарканд шаарындагы жеке төрөт үйлөрдүн биринде чарчап калган ымыркайдын апасы Розагуль Куканова дарыгерлерди салкын кандуулукка айыптоодо.

Анын айтымында, түйүлдүктө бала тирүү болгон. Жубайлар наристе «дарыгерлер ишине кесипкөй мамиле кылбагандыктан жана алардын салкын кандуулугунан улам» чарчап калган деп эсептөөдө.

«Жубайым экөөбүз тең дарыгербиз. Түйүлдүктүн өнүгүүсүндө эч кандай патология болгон эмес. Төрөт башталарда баланын жүрөгү согуп жаткан, эч кандай көйгөй байкалган эмес. Аялым бала көлөмдүү экенин айтып, кесарево жолу менен төрөтүүнү өтүнгөн. Бирок башкы гинеколог буга макул болгон эмес. Төрөт маалында ал аялымдын курсагын катуу баскан. Акыры кесарево кылып, наристе өлүк төрөлдү. Дарыгерлер түрдүү себептерди ойлоп таба башташты. Алгач балада TORCH-инфекциясы болгонун айтышса, кийин кандайдыр бир патология болгонун билдиришти. Аягында киндиги моюнуна оролуп калгандыктан өлгөн дешти», — деди Ибрагимов.

Анын айтымында, баланын өлүмүнүн себептерин аныктоо үчүн көз карандысыз экспертиза жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында «наристенин айрым ички органдары жок болгону» аныкталган.

«Медициналык экспертизанын корутундусунда наристе тумчугуп калганы жазылган. Бирок экспертиза учурунда ымыркайдын кээ бир ички органдары — өпкөсү, боорунун сол бөлүгү, сол бөйрөгү жана бөйрөк үстүндөгү бездери жок экени аныкталган», — деди Ибрагимов.

Ал жеке төрөт үйдүн дарыгерлеринин аракети боюнча Самарканд шаардык прокуратурасына арыз менен кайрылышканын билдирди. Бирок прокуратура эки жолу болжолдуу тергөөнү токтотуп, кылмыш ишин козгоодон баш тарткан. Жубайлар бүгүнкү күнгө чейин «эмнеге наристенин ички органдары алынганы боюнча» так жооп ала албай келишет.

Самарканд шаарынын прокурорунун жардамчысы Жамшид Негматов Ибрагимовдордун үй-бүлөсүнүн иши боюнча кылмыш ишин козгоого негиз жок экенин билдирди. Ошол эле маалда ал эмнеге наристенин ички органдары ата-энесинин макулдугусуз алынганы тууралуу берилген суроону жоопсуз калтырды.

Эң көп окулган жаңылыктар