Москвада 30 жаштагы кыргыз жигиттин жүрөгү кармап каза тапты

14:56, 07 декабря 2021, Бишкек - 24.kg

Москвада 30 жаштагы кыргыз жигиттин жүрөгү кармап каза тапты. Бул тууралуу анын жакындары билдиришти.

Маалыматка караганда, 1990-жылы туулган Токмоктун тургуну Москва шаарында такси айдап иштеп жүргөн.

Маркумдун жүрөгү кармап, айдаган унаасында көз жумган.

Ал үй-бүлөсү, эки уулу бар экени айтылат.