Баткен соту соттолгон үч тажик жаранын өкүмүн өзгөрттү

14:28, 07 декабря 2021, Бишкек - 24.kg

Баткен облустук соту өмүр бою эркинен ажыратылган үч тажик жаранынын өкүмүн өзгөрттү. Бул тууралуу 24.kg агенттигине өздүк булактар билдиришти.

Маалыматка караганда, Аскар Юнусов жана Абдурозик Каххаровдун иши каралып, алар 20 жылга эркинен ажыратылды. Ага чейинки сот бул эки тажик жаранын өмүр бою эркинен ажыраткан. Алар Тажикстандын кол салуусу учурунда чек арада кармалган.

«Тажикстанда апрель окуясынан кийин Кыргызстандын жети жараны кармалып турат. Алар оор жана өзгөчө оор кылмышка айыпталууда», — дейт өздүк булак.