Улуттук кастыкты козутуу. Акбөкөн Таштанбеков УКМКнын абагына киргизилди

10:42, 07 декабря 2021, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Акбөкөн Таштанбеков УКМКнын абагына киргизилди. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.

Ысык-Ата шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкер Акбөкөн Таштанбековго каршы кылмыш иши козголгон. Социалдык тармакта анын жарандын улутуна карата коркутуп-үркүткөн видеосу жарыялаган. Жарандар укук коргоо органдарынан улуттук, аймактык касчылыкты козгогондорго каршы чара көрүүнү талап кылышкан.

БШК Акбөкөн Таштанбековду жоопкерчиликке тартууга уруксат берди.