Садыр Жапаров 2020-жылы 247,9 миң сом иштеп тапкан

17:49, 06 декабря 2021, Бишкек - 24.kg

Мамлекеттик салык кызматы мамлекеттик жана саясый кызматкерлердин 2020-жылга карата мүлктү жана кирешеси боюнча маалыматты жарыялады.

Президент Садыр Жапаров 2020-жылы 247,9 миң сом тапкан. Анын декларациясында 6 гектарга жер аянты көрсөтүлгөн.

Садыр Жапаровдун жакын туугандаыр 50,7 жана 389 чарчы метрлик үйгө, 17,2 чарчы гаражга ээлик кылат. Андан тышкары алар «Үмүт булагы» фондунун негиздөөчүсү болуп саналат.