Буга чейин Өзбекстан президентинин Ооганстан боюнча атайын өкүлү Исматулла Иргашев баштаган өзбек делегациясы 30-ноябрда Кабулда Талибан өкмөтүнүн мүчөлөрү менен жолукканы кабарланган.
Быйыл август айында ооган учкучтары өлкөдөгү жалпы учактардын жана тик учактардын 25% айдап, Өзбекстан менен Тажикстанга учуп барышкан.
Маалыматка караганда, Өзбекстандын Термез шаарындагы ооган учкучтарынын 15и A-29 Super Tucano учагы, 11и Sikorsky UH-60 Black Hawk, 12си MD-530 жана дагы бир нечеси Ми-17 тик учактары менен учуп келишкен.
Маалыматка караганда, алар Ооганстандан талибдер Кабулду басып алганга бир нече саат калганда чыгып кетишкен. Ал күнү Мазари-Шариф жана Кабул шаарларындагы аэропорттордон жалпысынан 46 учак асманга көтөрүлгөн. Анда ооган учактарынын бирөө Өзбекстандын Аскердик-аба күчтөрүнө таандык учак менен кагылышканы кабарланган.
Расмий маалыматтар боюнча Өзбекстанга келген оогандыктардын баары 12-13-сентябрь күндөрү үчүнчү өлкөлөргө чыгып кетишкен.