Жалал-Абадда жер титирөө катталды

10:15, 30 ноября 2021, Бишкек - 24.kg

29-ноябрда саат 22:42лер чамасында Кыргызстандын аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет. 

Маалыматка караганда, жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында, Орказган айылынан түштүк-чыгышка карай 10 чакырым, Канжыга айылынан түштүк-чыгышка карай 10 чакырым аралыкта жайгашкан.

КРнын калктуу конуштарында жер титирөөнүн күчү Орказган, Канжыга айылдарында 3 баллга жакын сезилген.