COVID-19. Бир суткада 66 кишиден вирус аныкталып, 3 бейтап каза болду

08:39, 30 ноября 2021, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда 30-ноябрга карата коронавирус дагы 66 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 19, Чүй облусунда — 30, Ош облусунда — 4, Талас облусунда — 1, Жалал-Абад облусунда — 5, Баткен облусунда — 7 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 118 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 49, Ош шаарында — 8, Чүй облусунда — 27, Ош облусунда — 6, Талас облусунда — 1, Нарын облусунда — 2, Ысык-Көл облусунда — 10, Жалал-Абад облусунда — 13, Баткен облусунда — 2 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде Бишкек шаарында бир, Чүй облусунда эки бейтап каза болду.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 1 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 6 миң 917 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 6 миң 883 медкызматкер айыгып чыкты.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 405 бейтап, амбулатордук түрдө 488 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 183 миң 351 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 178 миң 230 киши айыгып чыкса, 2 миң 746 адам каза болду.