Тоолуу Бадахшандагы митинг аяктады

16:30, 29 ноября 2021, Бишкек - 24.kg

Тоолуу Бадахшан автоном облусунун борбору Хорог шаарында өткөн шаршемби күнү башталган митинг 28-ноябрь күнү кечинде аяктап, чогулгандар үйлөрүнө тарап кетишти. Бул маалыматты жергиликтүү бийлик менен жарандык активисттер ырасташты.

Тажикстандын улуттук «Ховар» агенттиги автоном облустагы коопсуздукту жана коомдук тартипти камсыз кылуу боюнча мекемелер аралык штабдын басма сөз кызматына шилтеме кылып, «айрым кызыкдар тараптардын уюштуруусу менен 25-ноябрь күнү түштөн кийин башталган Хорогдогу мыйзамсыз митинг 28-ноябрда 20:00дө аяктаганын» кабарлады.

Аталган штабдын маалыматына ылайык, жарандык коом өкүлдөрү менен бийликтин ортосундагы сүйлөшүүдөн кийин Хорог шаарындагы коомдук тартип толугу менен калыбына келтирилип, бүгүнкү күндө коомдук транспорт кыймылы, соода жайлары кадимки шартта иштеп жатышат.

Дээрлик 10 саатка созулган сүйлөшүүлөргө катышкан жарандык активисттердин бири бийлик митингге чыккандардын талабын аткарууга макул болгонун билдирди.

«Бийлик акция катышуучуларын куугунтукка албоону жана Гулбиддин Зиёбековдун өлүмүнө күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартууну убадалады. Мындан тышкары алар Хорогдогу блокпосттор алынып, интернет байланышы калыбына келтириле турганын айтышты», — деди ал.