Бийликти басып алууга аракеттенүү айыбы менен кармалгандар эки айга камалды

15:35, 29 ноября 2021, Бишкек - 24.kg

Бийликти күч менен басып алууга шектүүлөр Н.Сатынбеков, А.Мусакеев, К.Сатар уулу, Н.Калекеев, Р.Акматбеков, Б.Купешов, Н.Сүйөркулов жана Н.Большевиков 2022-жылы 26-январь чейин ЖАМКнын №21 мекемесине камалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык Биринчи май райондук соту чечим кабыл алды. 

Шектүү С.Сапарбековго карата 2021-жылдын 26-декабрына чейин камакка алуу түрүндөгү ЖАМК №21 мекемесине камакка алуу баш коргоо чарасы, ал эми Б.Жетигеновду 2022-жылы 26-январга чейин УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алуу чечими чыгарылды.

Эскерте кетсек, КР УКМК жана ИИМдин парламенттик шайлоодо коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча иштерди аткаруунун жүрүшүндө шайлоодон кийин өлкөдөгү коомдук-саясий абалды туруксуздантып, андан кийин бийликти күч менен басып алууну пландаштырып жаткандар кармалган.