Жалал-Абад облусунда жер титирөө катталды

09:46, 26 ноября 2021, Бишкек - 24.kg

Жалал-Абадда жер титирөө катталды, — деп билдирет КР ӨКМдин басма сөз кызматы.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө 26-ноябрда түнкү саат 01:40та катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен.

Жер титирөө Токтогул районунун Жетиген, Өзгөрүш айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Такталган маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.