Кыргызстан көмүр жеткирүүнү көбөйтүү боюнча Казакстан менен макулдашты

09:44, 26 ноября 2021, Бишкек - 24.kg

Экономика жана каржы министрлигинин алдындагы Монополияны жөнгө салуу агенттиги Казакстандын Шабыркүл кенинен көмүр жеткирүүнү көбөйтүү жөнүндө макулдашты.

Агенттик кабарлагандай, жакын арада 247 вагон көмүр келет. Импортер отунду тоннасын 4 миң 600 сомдон кымбат сатпоого милдеттенме алды.

Шабыркүл көмүрү Бишкек шаары менен Чүй облусундагы — Шопоков, Кайыңды, Токмок жана Канттагы базаларда сатылат.

Өлкөдө суук түшкөндөн бери көмүр базарында ажиотаж жаралды.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, Кыргызстанда 18-ноябрга карата көмүрдүн орточо баасы тоннасына 5 миң 706 сомду түзүп, бир айда 10,1% кымбаттады. Баа былтыркыга салыштырмалуу дээрлик 20% өстү.

15-ноябрда президент Садыр Жапаров Бишкекте көмүр 3000 сомдон сатыларын билдирген. 16-ноябрда борбор калаада Кара-Кече кенинен ташылган көмүрдүн бир тоннасы 3000 сомдон сатыла баштап, алуучулар көбөйгөндүктөн кошумча кампа ачылган.