09:43
USD 89.43
EUR 96.57
RUB 0.97

COVID-19. Бир суткада 74 кишиден вирус аныкталып, 3 бейтап каза болду

Кыргызстанда 25-ноябрга карата коронавирус дагы 70 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 27, Чүй облусунда — 16, Ош облусуна − 5, Талас облусунда — 3, Ысык-Көл облусунда — 10, Жалал-Абад облусунда — 5, Баткен облусунда — 8 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 109 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 53, Ош шаарына - 8, Чүй облусунда — 17, Ош облусунда - 4, Талас облусунда — 1, Нарын облусунда - 1, Ысык-Көл облусунда — 12, Жалал-Абад облусунда — 7, Баткен облусунда — 6 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде Бишкек шаарында эки жана Ысык-Көл облусунда бир бейтап каза болду.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 1 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 6 миң 913 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 6 миң 875 медкызматкер айыгып чыкты.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 440 бейтап, амбулатордук түрдө 557 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 183 миң 140 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 177 миң 869 киши айыгып чыкса, 2 миң 737 адам каза болду.

Эң көп окулган жаңылыктар
22-февраль, бейшемби
21-февраль, шаршемби