09:16, 24 ноября 2021, Бишкек - 24.kg
Кыргызстанда 24-ноябрга карата коронавирус дагы 43 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 14, Ош шаарында — 2, Чүй облусунда — 11, Нарын облусуна − 1, Ысык-Көл облусунда — 8, Жалал-Абад облусунда — 3, Баткен облусунда — 1 адамдан илдет табылган.
«Ал эми бир суткада 94 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 45, Чүй облусунда — 15, Нарын облусунда — 1, Ысык-Көл облусунда — 17, Жалал-Абад облусунда — 8, Баткен облусунда — 8 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.
Сутка ичинде Чүй облусунда бир, Ысык-Көл облусунда эки бейтап каза болду.
Бир сутка ичинде өлкө боюнча 2 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 6 миң 912 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 6 миң 872 медкызматкер айыгып чыкты.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 454 бейтап, амбулатордук түрдө 582 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 182 миң 996 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 177 миң 693 киши айыгып чыкса, 2 миң 732 адам каза болду.