11:05, 23 ноября 2021, Бишкек - 24.kg
Маалыматка караганда, уюштуруу башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Узакбаев жана эл аралык башкармалыгынын жетекчиси Асылбек Акматов сөгүш алышты.
Андан сырткары, маалымат кызматынын жетекчиси Белек Калыков өз арызынын негизинде кызматтан бошотулду.
Белгилей кетсек, 20-ноябрь күнү мамлекеттик резиденцияда Прокурорлордун күнү белгиленген. Анда илинген Кыргызстандын картасында Баткен облусунун аймагы туура эмес көрсөтүлгөн. Ал картанын фонунда президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, сыйлыктарды тапшырды.