12:53
USD 87.45
EUR 91.15
RUB 0.88

Садыр Жапаров: Жүрөгүмдүн 99 пайызын Баткен ээлеп турат

2022-жылы Баткенде бир катар ишканалар ачылып, жумуш орундары түзүлөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Баткен облустук медиа борборуна берген маегинде билдирди.

Анда ал облуска 30 жылдан бери көңүл бурулбай келгенин белгилейт.

«Башка облустарга салыштырмалуу сугат жерлери да аз. Жердин көпчүлүк бөлүгү чопо топурак. Анан албетте элдин жашоо шарты начарлап кетип, айрым жарандарыбыз үйлөрүн сатып салып көчүп кетишкен. Ошондуктан кызматка келген биринчи күнүмдө эле Баткен облусуна өзгөчө статус беришибиз керек, — деген тапшырманы бергем. Азыр эми өзгөчө статуска ээ болду. Эми бизнесмендер, жарандар салыктын бир топ түрлөрүнөн бошотулду», — дейт ал.

Садыр Жапаров Баткен облусуна жаңы аэропорт курулуп, ишканалар ачыларын белгиледи.

«Салыктар жоюлгандан кийин ички жана тышкы инвесторлор өндүрүштүк ишканаларды ача башташат. Курулуштарды курушат. Жаңы, заманбап аэропорт салынат. Кыскасы, Баткен облусу тез убакыттын ичинде өнүгөт. Экинчиден, элдин да тез бутуна туруп кетишине өбөлгө түзүлөт. Кудай буюрса келе жаткан жылы бир топ өндүрүш ишканалары салына баштайт. Азыр пландоо иштери жүрүп жатат. Алар салынып бүтсө иш орундары ачылат. Чек арага жакын жайгашкан жерлерге жаңы айылдарды салып, толук бүткөн инфраструктурасы менен жаштарга бөлүп беребиз. Баткен облусунан көчүп кеткен жарандарыбыз кайрылып келе башташат», — дейт президент.

Ал өкмөттун курамында Баткендин өкүлү жоктугу боюнча суроо жооп берип жатып, «мен силердин министриңермин, мен силердин депутатыңармын жана мен силердин президентиңермин», — деди.

«Кейибегиле. Жүрөгүмдүн 99 пайызын Баткен ээлеп турат. Кыргызстан Баткенден башталат. Чек араң бекем болбосо, өлкөңдө коопсуздук болбойт. Биринчи кезекте коопсуздук маселесине, андан кийин элдин жашоосуна, анан экономикасына көңүл буруп жатабыз. Бийлике келген биринчи күндөн баштап Баткенге 9 мектеп, 3 бала бакча, 3 оорукананын курулуштары башталды. 9 мектептин ичинен 2 мектеп толугу менен бүтүп пайдаланууга берилди», — дейт ал.

Эң көп окулган жаңылыктар
23-январь, бейшемби