Өткөн бир сутка ичинде эмдөөдөн 10 миң 836 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирет.
Эмделгендердин 5 миң 117си иринчи дозаны, 5 миң 719зу экинчи дозаны алышты.
Жалпысынан 1 миллион 61 миң 133 адам биринчи дозаны, 842 миң 471 адам эки дозаны тең алды.
Белгилей кетсек, учурда Кыргызстанда Спутник жана Pfizer вакциналары сайылууда.