01:02
USD 89.43
EUR 96.69
RUB 0.97

«Ошэлектро» Ошто жана Баткенде жылыткычтарга пломба коюлганын ырастады

«Ошэлектро» Ошто жана Баткенде жылыткычтарга пломба коюлганын ырастады.

Ишкана Ош жана Баткен облустарында авариялык өчүрүүлөрдүн алдын-алуу үчүн рейд жүрүп жатканын билдирди. Анда коюлган чектөөдөн ашып кеткен учурлар катталып, жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Эскерте кетсек, кечээ «Ошэлектро» ишканасынын өкүлдөрү Кадамжай районунда үй жылытуучу печкелерин пломдоп, колдонууга тыюу салып кетишкен.

Ишканын билдирүүсүндө, кардарлар коюлган чектөөдөн 31,5 миллион киловатт-саатка, же 21,6 пайызга ашып кетүүдө.

 
Эң көп окулган жаңылыктар
29-февраль, бейшемби