USD87.45EUR98.38RUB1.04
24.kg

COVID-19. Бир суткада 77 кишиден вирус аныкталып, 2 бейтап каза болду

09:55, 17 ноября 2021, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда 17-ноябрга карата коронавирус дагы 77 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 27, Чүй облусунда — 23, Ош облусуна −7, Талас облусунда −2, Ысык-Көл облусунда — 8, Жалал-Абад облусунда — 6, Баткен облусунда — 4 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 102 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 48, Ош шаарында - 5, Чүй облусунда — 22, Ош облусунда — 3, Нарын облусунда — 1, Ысык-Көл облусунда — 15, Жалал-Абад облусунда — 8 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде Ысык-Көл жана Баткен облустарында бирден бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 521 бейтап, амбулатордук түрдө 734 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 182 миң 605 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 177 миң 108 киши айыгып чыкса, 2 миң 712 адам каза болду.

Views
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика