14:11
USD 89.43
EUR 97.22
RUB 0.97

COVID-19. Бир суткада 84 кишиден вирус аныкталып, 3 бейтап каза болду

Кыргызстанда 15-ноябрга карата коронавирус дагы 84 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 66, Чүй облусунда — 9, Талас облусунда −2, Ысык-Көл облусунда — 6, Жалал-Абад облусунда — 1 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 85 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 48, Ош шаарында — 1, Чүй облусунда — 11, Нарын облусунда — 2, Ысык-Көл облусунда — 11, Жалал-Абад облусунда — 12 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде Бишкек жана Ош шаарларында жана Чүй облусунда бирден бейтап каза болду.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 3 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 6 миң 905 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 6 миң 840 медкызматкер айыгып чыкты.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 559 бейтап, амбулатордук түрдө 721 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 182 миң 425 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 176 миң 909 киши айыгып чыкса, 2 миң 707 адам каза болду.

Эң көп окулган жаңылыктар
23-февраль, жума
22-февраль, бейшемби