Токмокто аскер кызматкери аялы менен чырдашкандан кийин асынып алды

13:29, 12 ноября 2021, Бишкек - 24.kg

Токмок шаарында Коргоо министрлигинин аскер кызматы асынып каза болду. Бул тууралуу министр Бактыбек Бекболотов билдирди.

Анын айтымында, аскер кызматкеринин үй-бүлөсүндө чыр чыккан.

«Ал аялы менен уруша кетип, асынып алган. Мындай окуялар болот. Аскер кызматкерлери дагы аскерге коомдон келет», — дейт ал.