COVID-19. Бир суткада 107 кишиден вирус аныкталып, 2 бейтап каза болду

10:08, 12 ноября 2021, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда 12-ноябрга карата коронавирус дагы 107 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 64, Ош шаарында — 1, Чүй облусунда — 20, Талас облусунда −2, Ысык-Көл облусунда — 10, Жалал-Абад облусунда — 5, Баткен облусунда — 5 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 105 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 64, Ош шаарында — 2, Чүй облусунда — 18, Нарын облусунда — 1, Ысык-Көл облусунда — 13, Жалал-Абад облусунда — 5, Баткен облусунда — 2 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде Бишкек шаарында жана Чүй облусунда бирден бейтап каза болду.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 2 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 6 миң 897 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 6 миң 832 медкызматкер айыгып чыкты.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 552 бейтап, амбулатордук түрдө 797 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 182 миң 197 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 176 миң 615 киши айыгып чыкса, 2 миң 699 адам каза болду.