Бир мандаттуу округдан ат салышып жаткан 19 талапкер шайлоодон баш тартты. Бул тууралуу БШК билдирди.
36 бир мандаттуу округтан 302 талапкер калды. Баш тарткандардын арасында Жогорку Кеңештин учурдагы депутаттары Канат Исаев, Айнуру Алтыбаева жана Аалы Карашев дагы бар.
Талапкерлердин көбү Чүй облусунан (61), Ош облусунан 50, Жалал-Абадда 46, Баткенде 37, Ысык-Көлдө 39, Нарында 29, Таласта −13, Бишкекте 27 талапкер атандашууда.