Өкмөт көмүрдүн баасын арзандатууну тапшырды

15:55, 11 ноября 2021, Бишкек - 24.kg

Мамлекеттик органдарга көмүрдүн баасын арзандатуу тапшырылды. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында Монополияга каршы агенттигинин директору Кеңешбай Тайлаков билдирди. 

Анын айтымында, өлкөдөгү көмүр тартыштыгын жоюу боюнча чаралар көрүлөт. 

Көмүрдүн баасы мамлекеттик көзөмөлгө алынгандан бери 329 бузуу катталып,  баасы көтөргөн сатуучуларга 80 айып салынды.