Лейлектин тургунун Тажикстандын атайын кызматтары уурдап кеткени айтылууда

10:31, 11 ноября 2021, Бишкек - 24.kg

Лейлек районунун Сада айылынын 24 жаштагы тургуну Айдарбек Хайдаровду Тажикстандын атайын кызматтары уурдап кетишти. Бул тууралуу анын жакындары билдиришти.

Маалыматка караганда, Айдарбек Хайдаров 21-октябрда өз үйүнөн уурдалган.

Фото

«Ал 86 жаштагы атасы менен чогуу жашайт. Үйдөн алып чыгып кетишкен. Аны азыр чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө айыптап жатышат. Сот боло элек», — дейт жакындары.