USD87.45EUR98.13RUB1.03
24.kg

Мурдакы журналист Кудрет Тайчабаров үч гезитти сотко берди

12:08, 05 ноября 2021, Бишкек - 24.kg

«Бишкек» эркин экономикалык аймагынын башкы директору Кудрет Тайчабаров «Азия ньюс», «Назар ньюс» жана Gezitter.org сайтын сотко берди. Бул тууралуу маалыматты ал 24.kg агенттигине ырастады.

Анын айтымында, журналисттер ага карата кылмыш иши козголорун айтып, туура эмес маалымат беришкен.

«Материалда мени түрмөгө олтургузат деп айтышкан. Мени эч ким суракка чакырган жок. Ага эч кандай негиз жок. «Бишкек» экономикалык аймагын УКМК кызматкерлери такай көзөмөлдөп турушат. Бул маалыматтан кийин мен реанимацияга түшүп, кан басымын көтөрүлүп кетти. Мен гезиттерден 50 миллион сом талап кылдым», — дейт ал.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика