USD87.45EUR97.87RUB1.02
24.kg

Шайлоо. Эң көп акча «Ата-Журт Кыргызстан» жана «Ишеним» партиясы сарптады

11:11, 05 ноября 2021, Бишкек - 24.kg

Үгүттүн биринчи аптасында шайлоого аттанган партиялардын ичинен акча коротуу боюнча «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы алдыга озду. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Маалыматка караганда, партиялардын шайлоо фонддоруна 3-ноябрга карата 120 миллион 180 миң 392 сом түшкөн. Анын 102 миллион 478 миң 16 сому сарпталган.

Эң көп каражат «Ата-Журт Кыргызстан» партиясына топтолуп (26 миллион), чыгымдалган (17 миллион).

Ал эми «Ишеним» 21 миллион сом топтоп, анын 19 миллионун үгүткө чыгымдады.

Андан тышкары, «Альянс» партиясынын эсебине 12 миллион, «Эл үмүтү» 11 миллион сом, «Ынтымак» 8 миллион сом түшкөн. Бул саясый уюмдар шайлоо фондунун өлчөмү боюнча алдыда турат.

 

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика