5-ноябрда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 835 миллион куб метрди түздү. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 198 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 586 куб метрге жетүүдө.