Жардам 5-октябрдан 25-октябрга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна өткөрүлүп берилди. Министрлер кабинетинин буйругуна ылайык, Кытайдан келген жардам материалдык резервдер корунда сакталып турат.
Жайында күн катуу ысып жана сугат суунун жетишсиздигинен Кыргызстанда дан эгиндеринин түшүмү азайды. Улуттук статистика комитетинин эсеби боюнча, буудайдын түшүмү 45,5%, арпаныкы 55,2% кыскарды.
Өлкөдө июль айында бир килограмм буудайдын баасы 29,15 сомду түздү. Муну менен буудайдын баасы өткөн жылдын ушул айына салыштырмалуу 8,2 сомго же 39,3 пайыздык кымбаттады.
Өлкөдө соңку айларда дээрлик бардык тармактарда кымбаттоо өкүм сүрүп турган чак. Азык-түлүктүн, күйүүчү майдын жана башка товарлардын баасы кескин өстү. Расмий түрдө жалпы инфляция 9,7% делгени менен айрым товарлар 50% чейин кымбаттады.