05:54
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

COVID-19. Бир суткада 91 кишиден вирус аныкталып, 3 бейтап каза болду

Кыргызстанда 4-ноябрга карата коронавирус дагы 91 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 42, Чүй облусунда — 22, Ош облусунда - 4, Талас облусунда −3, Ысык-Көл облусунда — 14, Жалал-Абад облусунда — 2, Баткен облусунда — 4 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 61 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 26, Чүй облусунда — 20, Ош облусунда — 2, Талас облусунда — 1, Ысык-Көл облусунда — 7, Жалал-Абад облусунда — 5 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде Бишкек шаарында эки жана Чүй облусунда бир бейтап каза болду.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 1 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 6 миң 886 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 6 миң 805 медкызматкер айыгып чыкты.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 653 бейтап, амбулатордук түрдө 782 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 181 миң 590 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 175 миң 953 киши айыгып чыкса, 2 миң 679 адам каза болду.

Эң көп окулган жаңылыктар