Өлкөдө бир суткада 15 өрт кырсыгы катталды.

10:26, 02 ноября 2021, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда сутка ичинде 15 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 2, Ош облусунда 3, Чүй облусунда 3, Жалал-Абад облусунда 3, Нарын облусунда 2, Баткен облусунда 2 өрт кырсыгы катталып, аларды өчурүүгө 18 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.