Кыргызстан Россиядан аскердик техника сатып алат

13:59, 01 ноября 2021, Бишкек - 24.kg

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев «Рособоронэкспорт» ишканасынын директору Александр Михеев менен жолукту.

Жолугушууда Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы аскердик-техникалык кызматташтык талкууланды.

Маалыматка караганда, Кыргызстан «Рособоронэкспорт» ишканасынан Ми-17В-5 вертолетун сатып алат.

Андан тышкары, Чек ара кызматына «Орлан-10Е» учкучсуз жабдууларын алуу боюнча келишимге кол коюлду.