Шербет Жусупова: COVID-19дан кийин лейкозго кабылган учурлар бар

11:57, 28 октября 2021, Бишкек - 24.kg

Короновирустук инфекциядан кийин жаш курактагы курч мүнөздөгү лейкоз менен кайрылгандар көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук онкология жана гематология борборунун онкогематология бөлүмүнүн башчысы Шербет Жусупова билдирди.

Анын айтымында, имунодефицит менен жашаган онкологиялык жана гематологиялык ооруларга кабылган жарандарда короновирустук инфекция өнөкөткө айланып, бир нече айга чейин созулушу мүмкүн.

«Вирустун мутация болуусу шарт түзүлөт , ал убакта, айланасындагы жана үй-булө мүчөлөрүнө жугушуна алып келет», — дейт ал.

Анын айтымында, рак менен ооруган бейтаптар эмдөө учурунда ракка каршы дарылоону токтотпошу керек.