Бишкекте жана Чүйдө тамакка уулангандар 280ден ашты

14:32, 27 октября 2021, Бишкек - 24.kg

Бишкекте жана Чүйдө тамакка ууланып ооруканага кайрылгандардын саны 282ге жетти. Ооруканада жаткан 60 кишинин 18и жаш балдар. 27-октябрга карата алардын абалы туруктуу деп бааланып жатканын Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Калгандары үйлөрүндө дарыланууда.

Уулангандар 23-октябрда «Империя пиццы» кафесинен тамак алып жегендер экени белгилүү болгон. Бишкек шаардык Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматы иликтөө жүрүп жаткан учурунда кафени убактылуу жапты.