Садыр Жапаров Мирзиеевди президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады

17:43, 25 октября 2021, Бишкек - 24.kg

Садыр Жапаров бүгүн, 25-октябрда, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Телефондук сүйлөшүү жүрүшүндө Садыр Жапаров Шавкат Мирзиеевди 24-октябрда өткөн президенттик шайлоодогу ишенимдүү жеңиши менен куттуктап жана бекем ден соолук, жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүнө мындан аркы ийгиликтерди, ал эми Өзбекстандын боордош элине — тынчтык, бакубаттуулук жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Мындан сырткары, мамлекет башчылары эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, эки өлкөнүн ортосундагы мындан аркы кызматташтыктын келечектерин, ошондой эле регионалдык өз ара аракеттенүүнүн маселелерин талкуулашты.