COVID-19. 15-сентябрдан бери 180 окуучу вируска чалдыкты

15:16, 25 октября 2021, Бишкек - 24.kg

Окуу жылынын башынан бери 180 мектеп окуучусу вируска чалдыкты. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, мектепке чейин курактагы 68 бала ооруга кабылган.

Ооругандардын 95 пайызы 14 жашка чейинки балдар.

«Бишкекте 12 мектептеги 12 класс онлайн окууга которулду», — дейт ал.