«Империя пиццы» кафелери жабылды

11:11, 25 октября 2021, Бишкек - 24.kg

«Империя пиццы» кафелеринин бардык тармактары массалык ууланууга байланыштуу убактылуу жабылды. Бул тууралуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун тамак-аш гигиенасы бөлүмүнүн башчысы Махамат Мурзашев билдирди.

Анын айтымында, кафе тармактарында массалык ууланууга байланыштуу эпидемиологиялык иликтөөнүн алкагында текшерүү жүрүп жатат.

Эске сала кетсек, 25-октябрда саат 7:30да Темир жол ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө тамактан ууланып, медициналык жардам сурап кайрылгандардын жалпы саны 85 адам болгон.

Кечээ «Империя пиццанын» кафелеринен ролл жеп ууланган 12 адам тууралуу айтылган.