«Бул бир тууган эки элдин ортосундагы достуктун жана ынтымактын эң бекем көпүрөсү» деп белгилеген Эдиль Байсалов.
Быйыл жаздагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан соң Кыргызстан Тажикстан менен чек араны бир тараптуу жапкан. Сентябрда Кыргызстандын жогорку окуу жайларында окуган 100дөн ашуун тажик студенттерине Бишкекке келүүгө уруксат берилбей жатканы кабарланган.
Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстандын жогорку окуу жайларында 2 миңдей Тажикстандын жараны билим алат.