Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, бир апта мурун Ашхабадда 30дан ашуун жеке наабайкана ишин токтоткон.
«Айрым ишканаларда 10дон аял иштеген. Натыйжада наабайканалардын жабылганынан жүздөгөн киши жумушсуз калды», — деп билдирди жабылып жаткан бир ишкананын кызматкери.
Наабайканалардын кызматкерлеринин айтымында, жумушту токтотууга жергиликтүү өндүрүштөн чыккан ундун жоктугу, импорттолгон ундун баасынын кымбаттыгы себеп болду.
Түркмөнстанда акыркы бир нече жылдан бери азык-түлүк тартыштыгы өкүм сүрүүдө.
Бийлик болсо өкмөт жыйындарында жылына 1 миллион 400 миң тонна буудай түшүмү жыйналып жатканын айтып, каатчылык жөнүндөгү маалыматтарды төгүндөп келет.