Расмий билдирүүгө караганда, «Казакстан президентинин атайын өкүлү Ооганстандын азыркы администрациясынын өкүлдөрү Абдул Гани Барадар жана Амир Хан Муттаки менен жолукту». Пресс-релизде «Талибан» кыймылы деген сөз айкашы жазылган эмес
«Ооган элине Казакстан тараптан гуманитардык жардам берүү жана соода-экономикалык байланыштарды калыбына кетирүү маселелери талкууланды», — деп айтылат билдирүүдө.
Казакстан делегациясынын башчысы өлкө Ооганстан элине гуманитардык жардам иретинде беш миң тонна ун жөнөткөнүн айтты. Мындан тышкары ал Нур-Султан ооган тарапка казак өндүрүшүнөн чыккан QazVac вакцинасын берүүнү сунуштап жатканын кошумчалады.
Казак делегациясынын Кабулга болгон сапары жөнүндө маалыматтан кийин соцтармактарда Казакстан ТИМинин маалымат катчысы Айбек Смадияровдун автоматчан ыктымал жоочу-талибдердин арасында түшкөн сүрөтү жарыяланды. Казакстан ТИМи бул сүрөт жөнүндө комментарий бере элек.
Буга чейин Казакстандын Ооганстандагы элчиси Алимхан Эсенгелдиев 26-сентябрда Кабулда «Талибан» өкмөтүнүн тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амир Хан Муттаки менен жолугушкан.