Министрлер кабинети дары-дармектин баасын талкуулады

15:44, 18 октября 2021, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 18-октябрда Министрлер кабинетинде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы калкты дары-дармек менен камсыздоо жаатында мекемелер аралык комиссиянын кеңешмесин өткөрдү.

Кеңешмеге мамлекеттик органдардын жетекчилери, фармацевтика жаатындагы ишкерлер катышты.

«Анда элди дары-дармек менен камсыз кылуу чөйрөсүндөгү кырдаалдын актуалдуу маселелери талкууланды. УКМК төрагасы Ташиев дары-дармектердин баасына, фармацевттик бизнестин көйгөйлөрүнө, анын ичинде медикаменттердин аткезчилигине, мамлекеттик жөнгө салуучу органдардын бюрократиялык тоскоолдуктарына тийиштүү маселелерге өзгөчө басым жасаганын» өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Кеңешменин жыйынтыгында дары-дармектердин рыноктук наркын түзүү ыкмаларын кайрадан карап чыгуу чечими кабыл алынды. Дарыны чайкоочулук менен саткандарга жол бербөөнүн механизмдерин иштеп чыгуу тапшырмасы тийиштүү органдарга берилди.

13-октябрда Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин отурумунда дары-дармек жакынкы күндөрү кескин арзандай турганын айткан.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанга дары ташыган компаниялардын саны 200дөн ашат. Ал эми дарыканалардын саны 3200дөн ашуун. Алардын көпчүлүгү Бишкек шаарында жайгашкан.