Туркияда 20 жаштагы жигит 6-кабаттан кулап түштү

11:00, 15 октября 2021, Бишкек - 24.kg

Түркиянын Анталия шаарында 20 жаштагы кыргызстандык Аман аттуу бала үйдүн 6-кабатынан бетондолгон жерге кулап түштү. Бул тууралуу Haberler.com. сайты жазып чыкты.

Фото

Кыргызстандык жигит үйдө достору менен жашаган. Ал ооруканага жеткирилген, учурда абалы оор экени белгиленет. 

Полиция кызматы окуянын себебин аныктоодо.