Бишкектеги айыл-чарба жарманкелери өз ишин жандантат
10:16, 15 октября 2021, Бишкек - 24.kg
16 жана 17-октябрда саат 9:00дөн баштап азык -түлүк сатуу боюнча салттуу күзгү айыл-чарба жарманкелери өз ишин баштайт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлайт.
Жарманке шаардын эки районунда өткөрүлөт:
- Октябрь районунда 12-кичи районундагы А.Токомбаев менен Н.Жетикашаева көчөлөрүнүн кесилишинде;
- Биринчи май районунда жарманке И.Раззаков көчөсүнүн боюнда, Киев менен Токтогул көчөлөрүнүн ортосунда өткөрүлөт.
Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча башкармалыгынын маалыматы боюнча, азык-түлүк төмөнкү сунушталган баада сунушталат:
- ундун килограммы 22 сомдон;
- кумшекер 64 сомдон;
- күрүч 55 сомдон;
- тазаланган күн карама майы 131 сомдон;
- эт (уй эти) 440 сомдон;
- канаттуулардын эти 170 сомдон;
- картошка 24 сомдон;
- сабиз 25 сомдон;
- пияз 14 сомдон;
- ак капуста 28 сомдон;
- помидор 30 сомдон;
- бадыраң 30 сомдон;
- сарымсак 180 сомдон;
- алма 30 сомдон;
- тооктун жумурткасы 10 даана 70 сомдон.