23:00
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Мамлекеттик катчы: Шайлоо — саясатчылар үчүн люстрация

Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов алдыдагы парламенттик шайлоолорго байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жасады. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Ал эл арасындагы люстрация талабына токтолгон.

«Эң туура! Бул мүдөөнү баарыбыз колдойбуз. 15 жылдан бери люстрацияны ишке ашырабыз деп какшап келе жатабыз. Бирок ишке ашпай жаткан. Эми, мына, ишке ашыруу процесси башталды. Президент тарыхыбызда биринчи жолу люстрацияны жүзөгө ашыруу үчүн элге шарт түзүп берди. 36 депутат түздөн-түз аймактардан шайланып келишет. Өзүңөрдүн ишенген өкүлүңөрдү шайлап аласыңар. Бирөө-жарым кысым көрсөтүп, баланчаны шайлайсың деп кыйнай албайт. Мамлекеттик кызматкерлер тигил же бул талапкердин пайдасына иштебейт. Иштешсе жоопкерчиликке тартылып, жазасын алышат», — дейт ал.

Сүйүн Касманбетовдун пикиринде, шайлоо — бул саясый люстрация.

«Айрым радикалдуу жарандарыбыздын оюна койсо, «жакпаган саясатчылардын баарын тизип туруп атыш керек» дешет. Азыр 21-кылым. Андай кылган болбойт. Азыркы метод — эң туура метод. Саясатчымын деген жаран үчүн элдин добушун албай, көпчүлүктүн ишеничинен кетип, парламентке өтпөй калуудан өткөн жаза жок. Мына жаза, мына люстрация деген ушул», — дейт ал.

Эң көп окулган жаңылыктар