Министрлер кабинетинин мүчөлөрү дайындалды
17:11, 13 октября 2021, Бишкек - 24.kg
Садыр Жапаров кол койгон жарлыктар министрлер кабинетинин жетекчилери дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет.
Жарлыктарга ылайык:
- Данияр Амангелдиев экономика жана коммерция министри болуп дайындалды;
- Алмаз Бакетаев финансы министри болуп дайындалды;
- Руслан Казакбаев тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министри болуп дайындалды жана мурда ага жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду;
- Аяз Баетов юстиция министри болуп дайындалды;
- Эркинбек Осоев транспорт жана коммуникациялар министри болуп дайындалды жана мурда ага жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду;
- Аскарбек Жаныбеков айыл чарба министри болуп дайындалды жана мурда ага жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду;
- Доскул Бекмурзаев энергетика министри болуп дайындалды жана мурда ага жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду;
- Динара Кутманова жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри болуп дайындалды жана мурда ага жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду;
- Алымкадыр Бейшеналиев саламаттык сактоо министри болуп дайындалды жана мурда ага жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду;
- Болотбек Купешов билим берүү жана илим министри болуп дайындалды жана мурда ага жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду;
- Азамат Жаманкулов маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри болуп дайындалды;
- Кудайберген Базарбаев эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри болуп дайындалды жана мурда ээлеген кызматынан бошотулду;
- Бактыбек Бекболотов коргоо министри болуп дайындалды жана мурда ага жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду;
- Улан Ниязбеков ички иштер министри болуп дайындалды жана мурда ага жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду;
- Бообек Ажикеев өзгөчө кырдаалдар министри болуп дайындалды мурда ага жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду.