Жогорку Кеңеш министрлер кабинетинин жаңы курамын жактырды

16:40, 13 октября 2021, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин депутататтары Акылбек Жапаров башында турган министрлер кабинетинин курамын колдоду.

Министрлер кабинетин жактырууга 87 депутат макулдугун берип, каршы чыккандар болгон жок.

Жапаров бюджетти 2022-жылы 400 миллиард сомго, 2023-жылы 500 миллиардга, 2024-жылга 600 миллиардга жеткирүү негизги планы экенин билдирди.

Министрлер кабинетинин жаңы курамына кимдер киргенин кененирээк окууп алсаңыз болот. Түзүмү боюнча да бир топ өзгөрүүлөр болду.