08:53, 13 октября 2021, Бишкек - 24.kg
Кыргызстанда 13-октябрга карата коронавирус дагы 63 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 35, Чүй облусунда — 16, Ош облусунда — 1, Талас облусунда — 1, Ысык-Көл облусунда — 8, Жалал-Абад облусунда — 2 адамдан илдет табылган.
«Ал эми бир суткада 122 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 53, Ош шаарында — 2, Чүй облусунда — 26, Ош облусунда — 9, Талас облусунда — 5, Нарын облусунда — 8, Ысык-Көл облусунда — 11, Жалал-Абад облусунда — 5, Баткен облусунда — 3 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.
Сутка ичинде Бишкек шаарында эки бейтап каза болду.
Бир сутка ичинде өлкө боюнча 4 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 6 миң 854 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 6 миң 722 медкызматкер айыгып чыкты.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 430 бейтап, амбулатордук түрдө 623 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 179 миң 492 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 174 миң 320 киши айыгып чыкса, 2 миң 624 адам каза болду.