Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болду

16:39, 12 октября 2021, Бишкек - 24.kg

Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин төрагасынын — президент администрациясынын жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Дагы бир жарлыгы менен президент Улукбек Мариповду министрлер кабинетинин төрагалыгынан бошотту.