Равшан Сабиров президенттин кеңешчиси кызматынан бошотулду

12:27, 12 октября 2021, Бишкек - 24.kg

Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, президентинин кеңешчиси РавшанСабиров ээлеген кызматынан бошотулду.

Анын ордуна мамлекеттик катчы болуп турган Чолпонбек Абыкеев дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.