COVID-19. Вирустан каза болгондор эмдөөдөн өткөн эмес

10:28, 12 октября 2021, Бишкек - 24.kg

Акыркы суткада вируска чалдыккан 2 адам каза тапты. Бул тууралуу Республикалык штаб маалымдайт.

Алардын билдирүүсүндө, каза болгондор эмдөөдөн өткөн эмес.

2020-жылдын март айынан бери өлкөдө 2 миң 622 адам вирустан көз жумду.

Учурда стационарда 442 жана амбулатордук түрдө 672 адам дарыланып жатат.